Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбет Шыкмаматов: курултайга бийлик өкүлдөрүнүн бири да келбеди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов орус драма театрында болгон "Өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси: Конституция жана референдум" аттуу курултай тынч өткөнүн белгиледи.
Алмамбет Шыкмаматов: курултайга бийлик өкүлдөрүнүн бири да келбеди

Элдик курултайга бийлик өкүлдөрүнүн бири да келбеди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 8-октябрда орус драма театрында "Өлкөнүн бүгүнкүсү жана эртеңкиси: Конституция жана референдум" аталышындагы курултай өттү. 

"Канча адам келгенин так айта албайм. Бирок бийлик өкүлдөрүнөн бир дагы адам келбеди. Башкысы драма театрынын ичи толду. Курултайдын жүрүшүндө коноктор сөз сүйлөп, көпчүлүгү Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы экенин айтышты. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Конституцияны өзгөртүү аракетин токтотушу керек деген резолюция кабыл алынды", — деди Шыкмаматов. 

Ал эми окуяга көз салган кабарчыбыз курултайга 600дөн ашуун адам келгенин айтып, ага депутаттар Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов менен Элмира Ибраимова, Равшан Жээнбеков, Мавлян Аскарбеков, Азимбек Бекназаров сыяктуу активисттер келгенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0