Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Зейнеп Исраилова: үч айда эки ирет үч эм жарык дүйнөгө келди

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык стационарынын башчысы Зейнеп Исраилова
Ош шаардык стационарынын башчысы Зейнеп Исраилова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык төрөт үйүндө үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу Ош шаардык стационарынын башчысы Зейнеп Исраилова аймактык кабарчыга билдирди.
Зейнеп Исраилова: үч айда эки ирет үч эм жарык дүйнөгө келди

Маалыматка ылайык, үч уулду жарык дүйнөгө алып келген Анара Кудайбердиева 28 жашта. Бул — анын үчүнчү төрөтү. Буга чейин бир уул, бир кыз төрөгөн.

"Анара Кудайбердиева Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнөн келди. Анын буту шишип кан басымы бар болчу. Операция жолу менен төрөтүп алдык. Учурда эненин абалы күн сайын жакшырып баратат. Балдар 2 килограмм 300 грамм, 2 килограмм 200 грамм жана 1 килограмм 900 грамм салмакта төрөлдү", — деди Исраилова.

Ал сентябрь айында ушул эле төрөт үйүндө уч эм төрөлүп баары тең кыз болгонун кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0