Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтынай Өмүрбекова: мамлекеттик мекемелер бала бакчалардын имаратында отурат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүү"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекованын архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Алтынай Өмүрбекова: мамлекеттик мекемелер бала бакчалардын имаратында отурат

Эл өкүлү Бишкек мэриясы менен Мамлекеттик мүлк фондуна тапшырма берип, аталган имараттарды бала бакчага кайтаруу керектигин кошумчалады. 

"Буга чейин бир топ бала бакчалардын имараттары мамлекетке кайтарылып алынды. Эмнегедир бюджетте аларды оӊдоо үчүн каражат каралган эмес. Жогорку Кеӊеш 2015-жылы каражат бөлүү тууралуу токтом кабыл алган. Ал ушул кезге чейин аткарылган жок. 2016-2017-жылдардын бюджетинде каражат бар же жок экенин тактап алышыбыз керек", — деди депутат. 

Өмүрбекова бала бакчаларды жаңы курууга караганда даяр имараттарды алуу ыңгайлуу экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0