07:46 05 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481

Жылдыз Мусабекова: мугалим мектепке уй сааганы, же кой кайтарганы келбейт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
181140

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында билим берүү тармагындагы айрым маселелерге токтолду.

Жылдыз Мусабекова: мугалим мектепке уй сааганы, же кой кайтарганы келбейт

Эл өкүлү акыркы жылдары эң көп гранттарды Билим берүү министрлиги алып жатканын айтып, буга карабастан эмнеге бул тармакта жылыштар байкалбай жатканына кызыккан.

Мусабекова кээ бир айылдагы директорлор мектепти 20 жылдан бери башкарып, аны өзүнүн "жем жеген" акыры кылып алганына токтолду. Мугалимдерди жумушка алууда да анын билимине эмес, капчыгына көңүл бөлүнүп жатканын айткан.

"Өзүнө ишенбеген киши пара берет. Илгери мугалимдер тыкыр текшерүү, экзамен менен алынчу. Мугалим ар тараптан өнүгүш керек, издениш керек, окуш керек, алар мектепке уй сааганы, же кой кайтарганы келишпейт", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле бул маселени айтып чыккандан кийин айыл жергесиндеги мугалимдер чалып, көп жылдан бери көтөрүлбөй келген маселени көтөргөнү үчүн ыраазычылыгын билдиргенин маалымдады.

Тема боюнча

Атамбаев: ата-эне сыяктуу мугалим да ар бир баланы гений кылып чыгара алат
Якутияда студент музыканы өчүр деген мугалимин сабап салды
КР мугалимдери кесиби тууралуу: балдарга тек гана мээрим төгүш керек
Белгилер:
мектеп, билим берүү, Жылдыз Мусабекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ