Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Замир Сыдыков: 7-кабаттан кулаган кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон жок

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыковдун архивдик сүрөтү
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында жайгашкан "Ош нуру" мейманканасынын жетинчи кабатынан кулап каза болгон кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон жок. Бул туурасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымат кызматынын өкүлү Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Замир Сыдыков: 7-кабаттан кулаган кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон жок

Көз жумган кыз Ош облусунун Кара-Суу районунун, ал эми жигит Өзгөн районунун жашоочусу экендиги аныкталды.

"2-октябрь күнү Ош калаасында "Ош нуру" мейманканасынын кызматкерлери Тез жардам кызматына жетинчи кабаттан кыздын кулап кеткендигин кабарлаган. Дарыгерлер ооруканага алып кетип бара жатканда, ал жолдон каза болуп калган", — деп билдирди Сыдыков.

ИИМ өкүлү бул иш боюнча кылмыш иши козголбогондугун айтты.

"Бул бизде кокустук катары катталды. Кылмыш ишин козгогонго негиз жок, себеби ал жерде болгон жигиттин айткандары менен мейманкананын видео тартуучу тасмасындагы жазуу дал келип жатат",— деди маалымат кызматтын өкүлү.

Сыдыков учурда ал кыздын эмнеге мындай ишке баргандыгы иликтенип, изилденип жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0