Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Азимбек Бекназаров: Атамбаев менен Текебаев эртең эле элдешип алат

© AP Photo / Azamat Imanaliev, AKIpressЭкс-баш прокурор Азимбек Бекназаровдун архивдик сүрөтү
Экс-баш прокурор Азимбек Бекназаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-баш прокурордун айтымында президент менен "Ата-Мекен" фракциясынын лидери ушактын деңгээлинде гана урушуп жатышат.
Азимбек Бекназаров: Атамбаев менен Текебаев эртең эле элдешип алат

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев менен "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев эртең эле элдешип алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров билдирди.

"Алмазбек Атамбаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Өмүрбек Текебаевди жоопко тарта албайт. Анткени УӨ коллегиалдык орган болгон. Ошондуктан Текебаев күнөлүү болсо, демек Атамбаев да таза эмес болуп чыгат. Алты жылдан бери экөө тең бийлик коалициясында отурушат. Конституциялык реформанын айынан экөөнүн кайым айтышуусу акылга сыйбай турган нерсе. Анткени реформаны алгач Текебаев өзү баштаган. Экинчи раунд учурунда анын кошулбай калышы эч нерсени өзгөртпөйт. Эртең эле "Өмүке, кел" десе кошулуп кете берет. Дегеним, эртең эле экөө элдешип алат", — деди Бекназаров.

Эске сала кетсек, Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлөрү менен Өмүрбек Текебаев каршы чыккан. Ошондон улам президент менен "Ата Мекен" лидеринин ортосунда ырк кеткен эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0