Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмаз Асанбаев: Россияда миграциялык мыйзамды сактабаган 240 миң кыргызстандык бар

© Sputnik / Эркин АлымбековМамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев Россиянын миграциялык кызматынын "кара тизмесинде" 194 миң кыргызстандык буга чейин болгонун айтты.
Алмаз Асанбаев: Россияда миграциялык мыйзамды сактабаган 240 миң кыргызстандык бар

Ал учурда Россиянын мыйзамын сактабай 240 миң кыргызстандык жүргөнүн кошумчалады. Бул кишилерди "кара тизмеге" киргизбегиле деп Россия тараптан КР суранып жатканын айтты.

"Бул кишилер расмий эмес жумушка кирип, айлыктарынан салык төлөбөй, мыйзамды бузуп, биз айткан сөздү укпай дагы деле жүрүшөт", — дейт ал.

Асанбаев өз сөзүндө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "кара тизмеден" жайында 54 миң киши чыкканын белгиледи. Бул боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын, жакын арада дагы жакшы жыйынтыктар болорун маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0