Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскелди Момбеков: акыйнек айтышууну токтотолу, маселени эл чечет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун айланасында талкуу жүрдү.
Рыскелди Момбеков: акыйнек айтышууну токтотолу, маселени эл чечет

Бул пикирин КСДП фракциясынын депутаты парламентте аталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

"Кел-келибиз кетенчиктеп турганда кер-мур айтышуунун эмне кереги бар? Баш мыйзам талкуулангандан бери баптарына кирген эч ким жок. Баары эле дүңүнөн соодалашып жатат. 90 депутат жоопкерчиликти алган соң, 90 вагондуу поездди биринчи бекеттен токтотуп алып акыйнек айтышпай, узатып коелу. Маселе элге барат. Эл чечсин", — деди Момбеков. 

Аталган мыйзам долбоорун 94 депутат колдоого алып, биринчи окууда жактырылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0