Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбет Шыкмаматов: ЖК куудулдардын театры эмес, шоуну башка жактан көрсөтүңүз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү
Ата Мекен фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул пикирин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоору каралып жаткан учурда президенттин ЖКдагы өкүлү Молдакун Абдылдаевге карата айтты.
Алмамбет Шыкмаматов: ЖК куудулдардын театры эмес, шоуну башка жактан көрсөтүңүз

Эске сала кетсек, талкуу учурунда Абдылдаев "Ата Мекендин" башчысы Өмүрбек Текебаевди талкууга катышпай жатат деп айыптап, Конституциянын өз атасы эмес эле, өгөй атасы окшойт деген пикирин айткан. 

"Урматтуу президенттин өкүлү, бул жер куудулдардын театры эмес. Куудулдангандын да чеги болот. Сиз башка жакка барып, шоу кылуу менен элди кол чаптырыңыз. Расмий даражадагы адам катары маданияттуу сүйлөшүңүз керек. Сиз ушундай болсоңуз калгандар кандай болот?" — деди Шыкмаматов.

Өз кезегинде КСДПчы Рыскелди Момбеков Шыкмаматовду партиялашы Текебаевди коргоп жатасың деп айыптады. 

Талкуу жыйынтыгында күн тартибине коюлган референдумду 4-декабрь күнү өткөрүү демилгесин көпчүлүк депутаттар колдоого алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0