Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саламат Исабекова: ичүүчү суу жоктугунан вирустук гепатит көп кездешет

© Фото / Улан МакамбаевМедсестра села Кок-Таш Саламат Исабекова
Медсестра села Кок-Таш Саламат Исабекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында айылдык эмкананын ачылышы болду. Айылды медициналык жактан тейлөөнүн абалы жана эл арасында кездешкен илдеттер туурасында жаңы ачылган ФАПтын медициналык айымы Саламат Исабекова Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Саламат Исабекова: ичүүчү суу жоктугунан вирустук гепатит көп кездешет

Элдин саламаттыгын көзөмөлгө алып турчу бул жайды оңдоп-түзөөгө 2 миллион 200 миң сом бөлүнгөн. 

"Азыр жаңы имаратта шарттарыбыз кыйла жакшырып калды. Абалы оор болсо, бул жерде кармап, дары-дармек сайып, анан стационарга жиберебиз. Эгер жакшы болуп кетсе, үйүнө кайтат",— деди медайым.

Аталган аймакта таза суу маселеси курч тургандыктан, арыктан ичкен үчүн вирустук гепатит, наристелердин ичи өткөн учурлар арбын кездешет.

"Мындай учурларда заманбап ФАПта ооруларды кароого жакшы шарттар түзүлдү",— деди Исабекова.

Анын айтымында, учурда Көк-Таш айылында жашаган 3800 киши, 972 түтүндү   үй-бүлөлүк эки медициналык айым жана бир санитардык кызматкер тейлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0