Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбек Жапаров: мас айдоочуларды мыйзам менен ооздуктоо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү
ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Акылбек Жапаров кесиптеши Алтынбек Сулайманов менен биргеликте мас айдоочуларды тескөө боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат.
Акылбек Жапаров: мас айдоочуларды мыйзам менен ооздуктоо керек

Депутаттын айтымында, мас абалында жол кырсыгына кабылгандардын 80 пайызы адам өлүмү менен аяктап жатат. 

"Эгерде биринчи жолу мас абалында кармалса, беш жылга чейин машина айдоо укугунан ажыратылып, 20 миңден 30 миң сомго чейин айып төлөйт. Экинчи жолу кабылса айдоочулук күбөлүгүнөн өмүр бою ажыратып, машинасы конфискацияланып, аны соттун чечими менен аны сатуу сунушталууда", — дейт Жапаров.

Анын айтымында, эгерде кармагандан кийин мас айдоочуну коё берип, ал кырсыкка кабылса, аны коё берген милиция кызматкерине биринчи жолу ири суммадагы айып салынат. Ал эми экинчи жолу кайталанса аталган кызматкер милиция органдарында иштөө укугунан ажырайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0