Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рада Түмөнбаева: Аксыдагы Ак-Терек каналы бүтсө тарыхый кадам жасалмак

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Рада Түмөнбаева парламентте Аксы районундагы Ак-Терек каналын иштетүү маселесин көтөрдү.
Рада Түмөнбаева: Аксыдагы Ак-Терек каналы бүтсө тарыхый кадам жасалмак

Эл өкүлү аталган каналды иштетүү боюнча бир канча жылдан бери аракеттерден майнап чыкпай жатканына токтолду. 

"Канал иштеп калса карапайым калкка чоң жардам болмок. Анткени суунун баары кошуна өлкөгө агып кетип жатат. Эгерде канал бүтүп калса тарыхта калчу чоң иш болмок. 2017-жылкы бюджетке кирбей калыптыр, карап көрүп киргизип коюңуздарчы", — деди депутат. 

Түмөнбаева өкмөттүн ЖКдагы өкүлү Ашырбек Темирбаевге аталган маселени карап чыгууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0