Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Замир Сыдыков: укук коргоочунун иш ордунан "Хизб ут-Тахрир" адабияттары табылды

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун архивдик сүрөтү
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган 36 жаштагы киши Ош шаарындагы "Правосудие-Истина" деп аталган укук коргоо уюмунун мүчөсү болуп чыккандыгы кабарланды.
Замир Сыдыков: укук коргоочунун иш ордунан "Хизб ут-Тахрир" адабияттары табылды

Ош шаарында "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун адабияттарын таратты деген шек менен 36 жаштагы укук коргоочу кармалды. Бул туурасында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

"Анын иш столунан 1 ноутбук, флеш-карталар, 14 DVD дисктер жана кол телефон, бир нече паспорттор, түштүк аймагындагы ар кыл 22 уюмдун мөөрү басылган актай кагаздары, акча каражаттары табылган", — деп билдирди Сыдыков.

Ал Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайына 48 саатка киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0