Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мискенбаев: мародерчулукту аягына чейин иликтейли

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынан депутаты Мээрбек Мискенбаев. Архив
КСДП фракциясынан депутаты Мээрбек Мискенбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев парламентте 2010-жылкы ыңкылаптан кийинки мародерчулукту иликтөө демилгесин көтөрдү.
Мискенбаев: мародерчулукту аягына чейин иликтейли

Мародерчулук козголсо эле Өмүрбек Текебаев чычалап чыгат. Бул тууралуу КСДП фракциясынан депутат Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

"Кечээ Апрель баатырлары чогулуп, мародерчулук маселесин көтөрдүк. Аталган көйгөй козголсо эле Текебаев чычалап, "повод" берип жатат. Калк айтса калп айпайт. Эл мародерчулук десе эле Текебаевди ойлоп калды. Андыктан ушул ишти аягына чыгаралы", — деди Мискенбаев.

Ал айрым саясатчыларга кайрылып, 7-апрелде берген антын унутуп калды деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0