Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Башкы дарыгер Кубатбеков: Терактыдан жаракат алгандардын абалы жакшы, үйүнө чыгардык

© Sputnik / Данияр СандыбаевБишкектеги травматология жана ортопедия улуттук институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков. Архив
Бишкектеги травматология жана ортопедия улуттук институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер жаңы келгенде мээси чайкалды деген диагноз коюлуп, эки күн текшерилип, ал кайра алынып салынгандыгын айтты.
Башкы дарыгер Кубатбеков: Терактыдан жаракат алгандардын абалы жакшы, үйүнө чыгардык

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы 3-августтагы жарылуудан жаракат алган кыргызстандык жарандар абалы жакшы болгондуктан, ооруканадан чыгарылды. Бул турасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкектеги травматология жана ортопедия улуттук институтунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"30-августта Кытай элчилигинин жанындагы жардыруудан кыргызстандык эки жаран биздин ооруканага түшкөн. Жаңы келгенде мээси чайкалды деген диагноз коюлуп, эки күн текшерилип, ал кайра алынып салынды. Андан сырткары денесинен булчуңдары жанчылган жана кичине эки жарааты бар эле. Жаңы түшкөндө ал жерлери жуулуп, тазаланып тигилген. Алардын ал-ахвалдары жакшы болгондуктан, 1-сентябрда биздин борбордон үйүнө чыгарылды",— деди Кубатбеков.

Шейшемби күнү эртең менен Кытай элчилигинде жардыруу болгон. Жанкечти унаасы менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын сүзүп, андан кийин өзү түшкөн автоунааны жардырып жиберген.

Жарылуу болгондон тарта болжол менен 1 сааттын аралыгында Кытай элчилигинин ичиндегиги окуяга теракт деген мүнөздөмө берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0