Суук болобу? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан адамдар
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Бул аптанын аягында аба ырайы Нарында түнкүсүн -11…-16 градуска чейин муздай турганы айтылды. Ал эми башка аймактар менен Бишкекте андан бир аз айырмаланып турат.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет ушул аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаабайт. Бирок жолдор тоңголок, тайгак болору айтылды.
Бишкек шаары
Ордо калаада жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы күндүз 10 градуска чейин жылыйт.
Чүй, Талас облустары
Кезек качан келерин билбейбиз! Арзан көмүр алууга агылган элдин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Кезек качан келерин билбейбиз! Арзан көмүр алууга агылган элдин видеосу
Чүй менен Талас облусунда апта этегинде жаан жаабайт. Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн -3...-8 градус, күндүз 10 градуска чейин жылуу болору айтылды. Ал эми Таласта түнкүсүн -2…-4, күндүз 8...10 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймактарында 20-21-ноябрда күн жылуу болот. Күндүз абанын температурасы 12...13 градуска жогорулай турганы маалым болду. Түнкүсүн -1…+4 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көлдө дем алыш күндөрү жаан, кар жаабайт, бирок жолдор тоңголок, тайгак болору айтылды. Түнкүсүн -8 градуска чейин суук, ал эми күндүз -2…+3 градуска чейин жылышы мүмкүн.
Нарын облусу
Нарында деле апта аягында жаан-чачын болбойт, бирок абанын температурасы түнкүсүн -11…-16 градусту көрсөтөт. Күндүз 2 градуска чейин жылышы күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0