Кыргызстанда курулат жана оңдолот деген ири жолдордун тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол куруу иштери. Архив
Жол куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.11.2021
Жазылуу
Өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү планында транспорттук магистралдар менен эл аралык коридорлорду кароого алуу биринчи кезектеги иштер болот деп айтылган.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда бир канча жолдун курулушун аяктоо жана бир катарларын оңдоп-түздөө пландалып жатканы Садыр Жапаров кол койгон 2026-жылга чейин КРди өнүктүрүүнүн улуттук программасында жазылган.
Документте транспорттук магистралдар менен эл аралык коридорлорду кароого алуу биринчи кезектеги иштерден болот деп айтылууда.
"Кашкар — Эркеч-Там — Ош, Кашкар — Торугарт — Нарын коридорлору менен катар эле Аксуу (Кытай) — Барскоон — Балыкчы коридорун жана Балыкчыдагы логистикалык борборду ишке киргизүүнү карап көрүү максатка ылайык болот", — деп жазылган программада.
Андан сырткары, планда төмөнкү долбоорлор бар:
  • Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолун жана Ысык-Көлдүн айланма жолун бүтүрүү;
  • Ош — Баткен — Исфана — Кожент жолун реконструкциялоо;
  • Түп — Кеген жолун реконструкциялоо;
  • Тараз — Талас — Суусамыр жолун реконструкциялоо.
Бул жерде Кытайдан Кыргызстанга эки трасса чыгарын эске салабыз: Кашкар — Эркеч-Там — Ош менен Кашкар — Торугарт — Нарын жолдору.
Жаңылыктар түрмөгү
0