Кыргызстандыктар убактысынын көбүн эмнеге жумшайт? Статистика

© Sputnik / Владимир ПироговФестиваль "Кыргыз Шырдагы" в ущелье Салкын-Тер
Фестиваль Кыргыз Шырдагы в ущелье Салкын-Тер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Аялдар үй тиричилиги менен бала тарбиялоо ишине бир суткалык убактысынын 21 пайызын сарптайт. Бул эркектерге салыштырмалуу төрт саатка көп.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар убактысын кандай пайдалана турганын жана аялдар менен эркектердин өзгөчөлүктөрүн беш жылда бир ирет анализдеп, жыйынтыгын жарыялап турат.
Бул сапар Статком 1649 үй чарбасынын 12 жаштан жогорку курактагы бардык мүчөлөрүнө убакыттын сарпталышы боюнча сурамжылоо жүргүзгөн.
Анализдин жыйынтыгы:
  • 12 жана андан жогорку курактагылар бир суткалык убактысынын 48 пайызын уйкуга, өзүнө-өзү кам көрүүгө, үйдө жана үйдөн сырткары тамактанууга, мончо, чач тарач, бейтапкана сыяктуу зарыл жактарга барууга сарптайт;
  • 16 пайызы бош убакыт;
  • 14 пайызы иш убактысына жумшалат;
  • үй чарбасын алып барууга бир суткалык убакыттын 12 пайызы сарпталат;
  • 12 жана андан жогорку курактагы эркектер бир суткалык убактысынын 19 пайызын жумушка жана жумушка байланыштуу иштерге сарптайт. Бул аялдардыкына салыштырмалуу эки саатка көп;
  • аялдар үй тиричилиги менен бала тарбиялоо ишине бир суткалык убактысынын 21 пайызын жумшайт. Бул эркектерге салыштырмалуу төрт саатка көп;
  • аялдардын бош убактысы эркектердикине салыштырмалуу бир саатка аз;
  • эркектер менен аялдар бир суткалык убактысынын 48 пайыздан ашыгын өзүнө-өзү кам көрүүгө сарптайт (шаарда жана айылда жашагандар).
Жаңылыктар түрмөгү
0