Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПервый осенний снег в Бишкеке
Первый осенний снег в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча аптанын баштапкы күндөрү аба ырайы ачык турганы менен экинчи бөлүгүндө айрым аймактарда жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Маалыматка ылайык, аптанын баштапкы күндөрү аба ырайы ачык турганы менен экинчи бөлүгүндө айрым аймактарда жаан-чачын болот. Тоолорго кар түшөт.
Чүй облусу
24-26-октябрда жаан жаабайт. 27-28-октябрда кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Аптанын соңунда тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Талас облусу
24-26-октябрда күн ачык болот. Негизинен аптанын аягына чейин күндүз жаан-чачынсыз болуп, 30-октябрда кээ бир райондордо жамгыр, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары
Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда аба ырайы бирдей. 24-27-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 28-октябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. 29-октябрда күндүз күн ачык болуп, аптанын акырында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши божомолдонууда.
Ысык-Көл облусу
Ысык-Көлдө аптанын биринчи бөлүгүндө күн ачык болот. 28-октябрда кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. 30-октябрда да аба ырайы дал ушундай болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетери айтылууда.
Нарын облусу
Жуманын биринчи жарымында күн ачык болуп, бейшемби күнү айрым бир райондордо жамгыр, тоолордо кар жаайт. Аптанын соңу дагы жаан-чачындуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0