Жаан карга айланат! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөрүп бараткан кыз. Архив
Кол чатыр көтөрүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Республиканын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаайт. 22-октябрь күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Аптанын алдыдагы күндөрүндө өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Республиканын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан жаайт. 22-октябрь күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Карагайлар менен зымдарга муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Кар учурунда жолдөн өтүп бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Ноябрь айында аба ырайы кандай болот. Синоптиктердин божомолу
22-23-октябрь күндөрү жана 24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6 градус жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 градус болот. Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6, Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5 градус болору күтүлүп жатат.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0