Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүКар. Архив
Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
19-октябрда күндүз айрым аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Шейшембиде республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +17…+22, Талас, Нарын, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +19…+21, Ош шаарында +23…+25 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0