Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Андрей Сорокин / Медиабанкка өтүүКөгүчкөндөр. Архив
Көгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Келе жаткан аптанын биринчи жарымында күн жылуу болору айтылды. Кээ бир аймакта 21-октябрь, айрымдарында 22-октябрдан баштап күндүн көзү бузулат.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 22-октябрда күндүз жана 23-октябрь түнкүсүн жаан жаашы ыктымал. Башка күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас облустары
17-20-октябрда жана 21-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-22-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу жерлерге кар жаашы ыктымал. 23-октябрда Чүйдүн кээ бир жерине жаан жааса, Таласта күн ачык болору божомолдонду.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Түштүк аймактарда 17-октябрдан 21-октябрга чейин күн ачык болот. 21-октябрдан тарта жаан жаап, тоолуу жерлерде абанын температурасы муздап, жаан карга айланышы мүмкүн.
Нарын, Ысык-Көл облустары
17-21-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонду. 23-октябрда дагы күндүн көзү бузулуп, көпчүлүк жерлерге жаан жаашы күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0