Күн жылуу болот! Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинДайын Асанов атындагы паркы. Архив
Дайын Асанов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Бул жуманын этегинде дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде абанын температурасы 23 градуска жетет.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн дээрлик бардык жерине жаан жаабайт. Бишкек, Ош шаарларында абанын температурасы 23 градуска чейин жылуу болушу божомолдонду.
Чүй, Талас облустары
Эки облуста тең ишемби жана жекшемби күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 14…16 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Бул аймактарда да 16-17-октябрь күндөрү жылуу болуп, жаан жаабайт. Абанын температурасы 23 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Бул аймактарда да жаан-чачын күтүлбөйт. Күн тийип, жылуу болору айтылды. Абанын температурасы 14...19 градуска чейин жылып, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0