Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековТоолу аймактагы айыл. Архив
Тоолу аймактагы айыл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
11-октябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын өрөөндөрүнүн кээ бир жерлеринде жамгыр жаайт. Ал эми Баткенде күн ачык болот.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмүнүн кээ бир жерлеринде, Жалал-Абаддын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган облустарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9...+14, Таласта +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл аймагында +9...+14, Нарында +10...+15 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +11...+13, Ош калаасында +13...+15 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0