Жума күнгө карата аба ырайы

© AFP / SAJJAD HUSSAINКол чатыр көтөгөн адам. Архив
Кол чатыр көтөгөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
1-октябрда көпчүлүк аймактарда  аба ырайы өзгөрүлүп, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жума күнү, 1-октябрда, республиканын аймагында мезгил-мезгили менен жаан-чачын болорун Кыргызгидрометтен билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда +12…+17, Талас өрөөнүндө +11…+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +10…+15, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарында +13…+18 градус болот.

Ал эми термометр Бишкекте +14…+16, Ош шаарында +13…+15 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0