ТИМ ПРООНду мөңгүлөрдү сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга чакырды

© Sputnik / Акылбек БатырбековДеятельность "Кумтор Голд Компани" в Иссык-Кульской области
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Жазылуу
ПРООНдун администратору Шотландияда өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү тууралуу конференциясында Кыргызстанды бийик амбицияларын айтууга чакырган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. ТИМ башчысы Руслан Казакбаев климаттын өзгөрүүсүнүн шартында мөңгүлөрдүн абалына тынчсыздануусун билдирди жана ПРООНду мөңгүлөрдү сактоо боюнча Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Бул тууралуу Казакбаев Нью-Йоркто БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Ахим Штайнер менен жолукканда билдирди.

Баткен облусундагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Кыргызстан ЮНЕСКОго "Мөңгүлөрдү сактоо жөнүндө" резолюцияны демилгелейт
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы реформаларды колдоо, курчап турган чөйрө жана климат жаатында кызматташуу, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, ошондой эле өлкөнүн эл аралык демилгелерин ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Казакбаев ПРООНду 2022-жылы "БУУ-Борбордук Азия" саммитин жана "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты" өткөрүү боюнча президент Жапаровдун демилгелерин жүзөгө ашырууга активдүү катышууга чакырды.

ПРООНдун администратору Ахим Штайнер "Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер" концепциясына киргизилген иш-чараларды колдоого даярдыгын билдирген. Ошондой эле Шотландиянын Глазго шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү тууралуу конференциясында Кыргызстанды бийик амбицияларын айтууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0