13:46 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
26083 0 0

Келе жаткан жумада аба ырайы өтүп бараткан аптадан анча айырмаланбайт. Башка аймактарга салыштырмалуу Ысык-Көлдө жаан көбүрөөк жаай турганы божомолдонду.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, келе жаткан жумада аба ырайы өтүп бараткан аптадан анча айырмаланбайт. Башка аймактарга салыштырмалуу Ысык-Көлдө жаан көбүрөөк жаай турганы божомолдонду.

Чүй облусу

Апта бою тоолуу гана райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөгөнү болбосо, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө.

Талас облусу

19-25-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан облустарда аба ырайы бирдей болот. Апта бою дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

19-сентябрдан 24-сентябрга чейин облус боюнча түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 25-сентябрда күн ачылат.

Нарын облусу

23-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтөт. 24-25-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

 

Тема боюнча

Суук эрте түшөбү? Октябрь айына карата аба ырайы
Белгилер:
Кыргызстан, апта, аба ырайы, күз

ЭҢ МААНИЛҮҮ