Күн ачык болот. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНаступление осени в Бишкеке
Наступление осени в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Келе жаткан жумада күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Апта аяктап калганда айрым аймактарга гана жаан жаашы ыктымал.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, келе жаткан жумада күн жылуу болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Апта аяктап калганда айрым аймактарга гана жаан жаашы ыктымал.

Шаардык сквер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Сентябрда аба ырайы кандай болот? Күздүн алгачкы айына карата божомол
Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында 5-сентябрдан 11-сентябрга чейин күн ачык болуп, жаан жаабай турганы божомолдонду. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй менен Талас облусунда деле 5-11-сентябрга чейин күн жылуу болот. Болгону 10-сентябрда тоолуу аймактарда өткүн өтүшү ыктымал.

Ысык-Көлдө 9-сентябрга чейин күндүн көзү бузулбайт. 9-сентябрь күндүз жана 10-11-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0