Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСемёновское ущелье в Иссык-Куле
Семёновское ущелье в Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
26-августка караган түнү Ысык-Көлдүн кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +30...+35, Таласта +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +23...+28 жана Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +33...+35, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +23...+25 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0