Кыргызстанда эмгекке жарактуу адамдардын саны көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбольный матч Кыргызстан — Таджикистан
Футбольный матч Кыргызстан — Таджикистан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Өткөн жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанда 6 миллион 637 миң адам бар. Бул акыркы 30 жылдан бери калктын саны дээрлик 2 миллион 134 миң адамга же 1,5 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт. 

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыргызстандын калкынын 57,1 пайызы эмгекке жарактуу адамдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата даярдаган маалыматынан көрүүгө болот.

Калпакчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2021
Өзбекстанда канча этникалык кыргыз жашаары айтылды
2020-жылдын аягына карата жарандардын жалпы санынын 34,6 пайызын балдар жана өспүрүмдөр түздү. 57,1 пайызын эмгекке жарактуу адамдар (1991-жылы 50 пайыз болчу), калган 8,3 пайызы кары-картаңдардын үлүшүнө туура келди. 

Карылар демекчи, БУУнун классификациясына ылайык, өлкөдө курагы 65 жаштан жогорку адамдардын саны жалпы элдин санынын жети пайызынан ашса, анда калк улгайган калк болуп эсептелет. Азыркы учурда кыргызстандыктардын 5 пайыздан бир аз көбүрөөгү бул курактан өткөндөр.

Өткөн жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанда 6 миллион 637 миң адам бар. Бул акыркы 30 жылдан бери калктын саны дээрлик 2 миллион 134 миң адамга же 1,5 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0