Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВиды Сибири
Виды Сибири  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Жазылуу
21-августка караган түнү Ош жана Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас жергесинде +28...+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл өрөөнүндө +23...+28, Нарын аймагында +26...+31 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +35...+37, ал эми Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0