Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДжайлоо Иссык-Кульской области
Джайлоо Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. 19-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматта Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө жамгыр жаай турганы, башка облустардын дыйканчылык аймактарында күн ачык болору айтылат.

Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +20...+25, ал эми Нарын жергесинде +21...+26 градуска көтөрүлөт.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +33...+35, ал эми Чолпон-Атада +20...+22 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0