Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
17-августка караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас жергесинде +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +18...+23, Нарын аймагында +19...+24 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +28...+30, Ош калаасында +32...+34, ал эми Чолпон-Атада +19…+21 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0