Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАрсланбаб жаңгак багы. Архив
Арсланбаб жаңгак багы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Жазылуу
5-августтан 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда  аба ырайы өзгөрүлүп турат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 6-августка караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип турат.

Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +22...+27 градус болот.

Синоптиктер борбор калаада күндүн табы +33...+35, Ош шаарында +34...+36, Чолпон-Атада +25...27 градуска чыгарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0