Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүБулуттар. Архив
Булуттар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Жазылуу
31-июлда республикада туруксуз аба ырайы күтүлүп, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ишембиде кээ бир райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл аймагында +22…+27, Нарында +24…+29 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Атада +23…+25 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0