Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековСууда сүзүп жүргөн өрдөк. Архив
Сууда сүзүп жүргөн өрдөк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.07.2021
Жазылуу
29-июлда республиканын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бейшембиде кээ бир райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ысык-Көл аймагында +25…+30, Нарын чөлкөмүндө +25…+30 градуска ысыйт.

Күндүн табы Бишкекте +33…+35, Ош шаарында +35…+37, Чолпон-Атада +25…+27 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0