Кыргызстанга дагы 9 өлкөнүн жарандары визасыз кире алат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРФ с 20 августа разрешает полеты за рубеж ещё из 3 городов
РФ с 20 августа разрешает полеты за рубеж ещё из 3 городов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
Жазылуу
Документтин максаты бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү болуп саналат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бир катар өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүү жана туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү максатында кабыл алынганы айтылат.

"Ага ылайык, 60 күнгө чейин визасыз режим киргизилген мамлекеттердин тизмесине тогуз жаңы өлкө — Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика кошулду", — деди аппараттан.

Мындан тышкары, мыйзам улуттук коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында визасыз кирүү режимин толугу менен же жарым-жартылай токтото туруу укугу менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0