COVID: бир суткада 1 291 жаңы учур катталды. Статистика

© Фото / Pixabay / fernando zhiminaicelaРаспространение нового коронавируса в мире
Распространение нового коронавируса в мире - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Ооругандар мурункудай эле борбор калаада басымдуулук кылат. Акыркы күндөрү айыккандардын саны 1000ден ашууда.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан 1 242 адам сакайса, 1 291 киши оору жуктуруп алганын Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар:
  • Бишкек – 867;
  • Ош шаары – 28;
  • Чүй облусу – 141;
  • Ош облусу – 64;
  • Талас облусу – 22;
  • Нарын облусу – 16;
  • Ысык-Көл облусу – 17;
  • Жалал-Абад облусу – 55;
  • Баткен облусу – 32.
Ушуну менен оорудан айыккандардын жалпы саны 127 692 болду.
Илдет илештирип алгандар:
  • Бишкек - 939;
  • Ош шаары - 17;
  • Чүй облусу – 129;
  • Ош облусу – 21;
  • Талас облусу - 18;
  • Нарын облусу - 26;
  • Ысык-Көл облусу – 52;
  • Жалал-Абад облусу – 15;
  • Баткен облусу - 74.
Медициналык кызматкер ооруканада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Коронавирустун жаңы штаммдарынын мурда байкалбаган симптомдору айтылды
Былтыр марттан бери оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 151 607 болду.
Штабдын маалыматында 10 киши каза болгону айтылды. Анын алтоо Бишкекте болсо, экөө Чүйдө, бир киши Таласта, дагы бирөө Баткенде дарыланып жаткан. Жалпысынан 2 196 киши оорунун курмандыгы болду.
Ушу тапта стационардык дарыланууда 4 552 бейтап бар. Анын 66сынын абалы канааттандырарлык, 2 919 бейтаптыкы орто оор, 1 345 кишиники оор, 222 бейтаптыкы өтө оор экени белгилүү болду.
Бир суткада 19 медиктен коронавирус чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0