Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Андрей Варенков / Медиабанкка өтүүСеминский хребет в Республике Алтай
Семинский хребет в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
17-июлда өлкөнүн тоолуу райондорунда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ишембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас өрөөнүндө +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл чөлкөмүндө +18…+23, Нарын аймагында +20…+25 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ошто +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градус ысыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0