Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көлдө эс алып жүргөн адамдар. Архив
Ысык-Көлдө эс алып жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Абанын орточо температурасы көпчүлүк аймактарда нормадан 1 градуска жылуу, ал эми жаан-чачындын көлөмү нормага жакын болору күтүлөт.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги август айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, абанын айлык орточо температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө нормадан 1 градуска жогору, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда норманын чегинде сакталат.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын июнь айындагы Кыргызстан боюнча аба ырайынын орточо температурасы
Среднемесячная температура по Кыргызстану в августе 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын июнь айындагы Кыргызстан боюнча аба ырайынын орточо температурасы
Ал эми жаан-чачындын бир айлык көлөмү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында нормага жакын болору күтүлөт.
© Фото / Кыргызгидромет2021-жылдын июнь айындагы Кыргызстан боюнча жаан-чачындын орточо көлөмү
Среднемесячное количество осадков по Кыргызстану в августе 2021 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
2021-жылдын июнь айындагы Кыргызстан боюнча жаан-чачындын орточо көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы 23…25, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо норманын чегинде болуп, 15…17 градус жылыйт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15тен 18…23 градуска, күндүзү 23…28ден 33…38 градуска чейин көтөрүлөт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы 18…20 градус жылуу болот. Август ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын бир айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусу

Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Күндүн табы 24…26, ал эми тоо этектериндеги райондордо 20…22 градуска көтөрүлөт.

Ай ичинде түнкүсүн 12…17ден 18…23 градуска, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейинки температура сакталат.
Тоо этектериндеги аймактарда күн түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылат.

Жалал-Абад облусу

Абанын орточо айлык температурасы 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ай ичинде түнкүсүн 12…17ден 18…23 градуска, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейин ысык болот.
Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 15…20га, күндүз 30…35 градуска чейин көтөрүлөт.
Токтогул районунда күндүн табы 31…36 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Баткен облусу

Августта абанын орточо температурасы 24…26, тоо этектеринде 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.
Түнкүсүн 12…17ден 18…23кө чейин, күндүз 25…30дан 33…38 градуска чейин өзгөрүлүп турат.
Тоо этектеринде күндүн табы түнкүсүн 15…20га, күндүз 30…35 градуска жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ысык-Көл облусу

Сары-Ой жайлоосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.07.2021
Оштун эли ысыктан "качып" барат. Мээ сергиткен Сары-Ой жайлоосунан сүрөттөр

Ай ичинде орточо температура 17…19 градустун айланасында сакталат.

Түнкүсүн 6…11ден 13…18 градуска, күндүз 17…22ден 24…29 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусу

Ай ичиндеги орточо температура 16…18 градус болору айтылат. Түнкүсүн 5…10дон 13…18 градуска, күндүз 18…23төн 27…32 градуска чейин ысыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Жайыттар зонасы

Алай өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт.
Ал эми Чаткал өрөөнүндө ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 4…9, күндүз 23…28 градустун тегерегинде кармалат.
Суусамырда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28 градуска чейин жылуу болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0