Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
16-июлда тоолуу райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жума күнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +24…+29, Талас өрөөнүндө +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көл чөлкөмүндө +19…+24, Нарын аймагында +18…+23 градусту түзөт.
Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ошто +31…+33, Чолпон-Ата шаарында +20…+22 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0