Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүДождливая погода в Москве
Дождливая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
15-июлда тоолуу райондордо күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Бейшемби күнү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +27…+32, Талас өрөөнүндө +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл чөлкөмүндө +22…+27, Нарын аймактарында +21…+26 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарларында +33…+35, Чолпон-Атада +21…+23 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0