Жума күнүнө карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшБлагоустройство придомовой территории по улице Салиевой в Оше
Благоустройство придомовой территории по улице Салиевой в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2021
Жазылуу
9-июлда республика аймагында күндүн ысый турганы айтылды. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт, ал эми бир катар аймактарда ысык 41 градуска чейин чыгат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36…+41, Талас өрөөнүндө +32…+37, Ысык-Көл аймагында +29…+34, Нарын чөлкөмүндө +27…+32 градус болот.
Синоптиктер күндүн табы Бишкекте +37…+39, Ош шаарында +39…+41, Чолпон-Атада +30…+32 градуска көтөрүлөрүн  билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0