Шаршембиге карата аба ырайы

© Фото / PixabayДождливая погода
Дождливая погода - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2021
Жазылуу
Шаршембиге караган түнү Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июлда күндүз Ысык-Көл, Нарын аймактарында жана өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка жерлерде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +35...+40, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +36...+41, Таласта +34...+39, Ысык-Көлдө +27...+32 жана Нарын жергесинде +25...+30 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +38...+40, Ош калаасында +39...+41, ал эми Чолпон-Атада +27...+29 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0