Бийлик оң рулдуу автонун кузовун алмаштырууга тыюу салууну көздөөдө. Долбоор

Стоянка авто - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
1990-жылдардагы экономикалык оор кырдаалдан улам өлкөгө оң рулдуу автоунаалардын келиши көзөмөлгө алынбай калган.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Министрлер кабинети оң рулдуу автоунаалардын кузовун алмаштырууга тыюу салууну көздөп жатат. Бул боюнча токтом долбоорун Санариптик өнүктүрүү министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.
Мыйзамсыз ташыган автоунаа катализаторлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2021
УКМК автоунаа катализаторлорун чет өлкөгө мыйзамсыз ташыган каналды аныктады
Ошондой эле мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөрдөн улам оң рулдуу автоунаалардын тетиктерин алып кирүү улантылып жатканы айтылат.
"Ал тетиктердин арасында өндүрүүчү автоунаанын кыймылдаткычынын түрү, чыккан жылы, машинанын өңү сыяктуу маанилүү маалыматтарды жазган бөлүктөр дагы бар. Андыктан өлкө аймагына мурда алып келинген оң рулдуу автолорду оңдоодо кожоюндары жаңы келген тетиктерди пайдаланат. Мындан улам транспортту кайра каттоого тургузган учурда мурдагы машинанын документине жаңы тетиктерде жазылган маалыматтар кирип калат дагы, кийин көп көйгөй жаралат", — деп айтылат түшүндүрмөдө.
Мындан улам министрлик оң рулдуу автолордун кузовун алмаштырууга тыюу салган мыйзам кабыл алууну сунуштап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0