Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖамгыр. Архив
Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21…+26, Талас облусунда +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +19…+24 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош шаарында +33…+35, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0