Тоого кар жаайт. Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПогода в Суусамыре
Погода в Суусамыре  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Жазылуу
24-июнга караган түнү республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+33, Талас облусунда +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +30…+35, Ысык-Көл жергесинде +21…+26, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +30…+32, Ош шаарында +31…+33, Чолпон-Атада +24…+26 градус ысыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0