Кээ бир жерге кар жаайт. Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Жазылуу
Аптанын эң акыркы күнү Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында катуу жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, жуманын акыркы эки күнүндө аба ырайы бир калыпта болбойт. 19-июнда күндүн табы жогору болсо, жекшембиде катуу жаан жаашы ыктымал.
19-июнда Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Жайытта турган мал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2021
Жайыттардагы аба ырайын көрсөткөн мобилдик тиркеме иштей баштады
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан жаабайт, ал эми күндүз айрым жерлерде өткүн өтүшү мүмкүн. Нарын менен Ысык-Көлдө 19-июнь, ишемби күнү, жаан себелеши ыктымал. Бул күнү Нарын менен Ысык-Көлдөн башка облус, шаарларда абанын температурасы 30 градустан ашып, ысык боло турганы белгиленди.
20-июнда өлкөнүн бардык аймактарында жаан жаашы күтүлүүдө. Тоолуу аймактарга кар жаап, кээ бир жерлерге катуу жаан жаашы ыктымал экени айтылды.
Бишкек шаарында 19-июнда жана 20-июнь түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күрүрөшү ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0