Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТеплая погода в Москве
Теплая погода в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
12-июнга караган түнү республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз кээ бир райондордо күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +28…+33, Талас өрөөнүндө +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл аймагында +20…+25, Нарында +18…+23 градуска ысыйт.
Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +32…+34 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0