Жаанчыл болобу? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Жазылуу
Апта аягында көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, өткүн өтүшү ыктымал. Ордо калаада да жаан себелеши мүмкүн.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта аягында көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, өткүн өтүшү ыктымал. Ордо калаада жаан себелеши мүмкүн.
Празднование международного дня защиты детей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2021
Күндүн табы 40 градуска жетет. Бир жумага карата аба ырайы
12-июнда Чүй облусунда түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми Талас облусунда күндүз өткүн өтүшү ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн тоолуу жерлерге жаан жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык боло турганы айтылды. Күндүз өткүн өтөт.
Нарын менен Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу жерлерге кар түшүүсү ыктымал экени кошумчаланды.
13-июнь, жекшембиде, күндүз көпчүлүк облустарда жаан жаашы ыктымал. Анткен менен абанын температурасы төмөндөбөйт.
Бишкек шаарында 12-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү божомолдонду. 13-июнда түнкүсүн өткүн өтсө, күндүз жаан себелеши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0